Кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргыз курамасынын мүчөсү Айпери Медет кызы Иорданиянын Амман шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугунун финалына чыкты.
Айпери Медет кызы 76 килограмм салмакта катышууда. Ал жарым финалда түндүк кореялык Ми Хьян Ким аттуу балбан кыз менен кез келип, аны мөөнөтүнөн мурда жеңип, Азия чемпиондугунун финалына чыкты.
Белгилей кетсек, Айпери Медет кызы учурдагы Азия чемпиону.