Бүгүн, 27-мартта эртең менен Ат-Башы районунда катуу шамал катталды. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Алдын ала маалымат боюнча, катуу шамал Торугарт өткөрүү пунктуна караштуу имараттын чатырын учурган. Мындан тышкары унаа жолдун 479-527-528-530-чакырымындагы токтоп турган 5 оор жүк ташуучу унаа оодарылып, жыгылып калган.
"Ат-Башы районунун калктуу конуштарында дагы катуу шамал катталып (гидрометтин маалыматына ылайык ылдамдыгы 22 м/с), Кара-Суу, Калинин, Дыйкан айылдарындагы кампалардын, чарбалык курулуштардын, сарайлардын чатырларын учуруп кеткендиги, Терек-Суу айылында 2 турак үйдүн чатырын толук учуруп кеткендиги, Кара-Суу айылында 2 турак үйдүн чатырына, Ак-Жар айылында 1 турак үйдүн чатырына зыян келтирилгендиги тууралуу маалымат түшкөн. Адам өмүрүнө зыян келтирилген учур катталган жок", - деп жазылат анда.
Жерине Ат-Башы райондук Жарандык коргонуу комиссиясы тартылып, шамалдын кесепетинен түзүлгөн кырдаал боюнча иш алып барышууда. Мындан тышкары ӨКМдин облустук, чек ара кызматынын, облустук ички иштер башкармалыгынын жана тийиштүү кызматтардын ыкчам тобу жеринде иш алып барууда.