
Чүй облусунун Ысык-Ата районунун мурдагы Логвиненко айыл өкмөтүнүн жооптуу кызмат адамдары 2023-жылы базар баасы 4 миллион 65 миң сомду түзгөн 2500 чарчы метр жер тилкесин, мыйзамсыз түрдө 1 миллион 200 миң сомго жеке менчикке сатып жиберген.
Бул туурасында Башкы прокуратура билдирди.
Маалымдалгандай, мыйзамсыз аракеттер аталган райондун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө аныкталган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, тергелүүдө.
Ал эми аталган жер тилкени муниципалдык менчикке кайтаруу боюнча учурда тиешелүү чаралар көрүлүп жаткандыгы маалыматта кошумчаланган.