Талантбек Эдилов Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун акими болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.
Тиешелүү тескемеге өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон.
"Эдилов Талантбек Расабекович Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - аким болуп дайындалды", - деп жазылат анда.
Буга чейин Талант Эдилов президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары болгон.