Дүйнөлүк күрөш уюму (UWW) кыргыз балбаны Айпери Медет кызынын Азия чемпиондугунун финалындагы укмуштуудай камбэгине реакция кылды.
"Айпери Медет кызы өзүнүн Азия чемпиону наамын сактап калуу үчүн керемет камбэкти жасады", - деп жазды UWW.
Айпери Медет кызы Иорданиянын Амман шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугунун финалында индиялык балбан менен кез келген. Анда кыргыз балбаны беттеш бүтөрүнө 10 секунд калганда 6:2 эсебинде утулуп жатып, 2 секунд калганда эсеп санын 6:6 кылып, акыркы болуп ыкма жасаганы үчүн жеңишти камсыздаган.
Муну менен Айпери Медет кызы үчүнчү ирет Азия чемпиону болду.