Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкө аймагында таңга жуук катталган жер титирөө боюнча билдирүү жасады.
Анда министрлик учурда тактоо иштери жүргүзүлүп жатканын белгиледи.
"Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, 28-март күнү саат 04:42де Казакстандын аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда 6 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Талас облусунун Талас районунун Көпүрө-Базар айылында 6 балл, Бишкек шаарында болжол менен 4 баллга (Көпүрө-Базар айылынан 18 чакырым түндүктө, 135 чакырым түштүк батышка чейин сезилген.
ӨКМ тарабынан тактоо иштери жүргүзүлүүдө. Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. Кошумча маалымат берилет", - деп билдиришти ӨКМден.