Венесуэланын президенти Николас Мадуро АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубионун дарегине кескин билдирүү жасап, аны "акмак" деп атады. Чет элдик басылмалар буга Рубионун Венесуэлага Гайана боюнча эскертүү бергени себеп экенин жазышты.
"Демократия – бул биз каалаган нерсе. Демократия – бул дүйнөдө биз куруп жаткан нерсе. Алар "жок бул режим" дешет. Анан акмак Марко Рубио пайда болуп, Гайанадан бизди коркутуп жатат", - деген ал.
Мадуро анын коркутууларына көңүл бурбай турганын кошумчалап, Венесуэла Түштүк Американы испан үстөмдүгүнөн бошотууну жетектеген Симон Боливардын мекени экендигин эске салган.
Буга чейин америкалык аткаминер Гайанага жасаган иш сапарында Венесуэланын аталган өлкөгө үстөмдүк кылууда деп айыптап, Гайананы коргоо үчүн Вашингтон аскерий күч колдонорун кыйыткан. Венесуэла менен Гайананын ортосундагы аймактык жаңжал 19-кылымдан бери уланып келе жатат.