
Акыркы суткада Кыргызстандын аймагында 11 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 13 күжүрмөн эсеп тартылды. Бул тууралуу ӨКМ бүгүн, 28-мартта кабарлады.
Маалымдалгандай, Бишкек шаарында 2, Ош шаарында 1, Ош облусунда 3, Чүй облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 2, Нарын облусунда 1, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталды.
Ал эми Куткаруу кызматтары тарабынан 1 чыгуу болду.