Чүй облусунда 1 килограмм баңгизаты менен 50 жаштагы айым кармалды

Чүй облусуна караштуу Шопоков шаарында 50 жашар айымдан 1 килограммдан ашык баңгизат тартылып алынды. Бул тууралуу бүгүн, 14-декабрда Чүй облустук ИИББинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 13-декабрь күнү укук коргоо кызматкерлеринин ыкчам издөө иш-чарасында 50 жашар Ю.Шдан 1,25 килограмм баңгизаты табылган. Кармалган жаран мурун дагы баңгизатты мыйзамсыз сактап жүргөндүгү үчүн бир нече жолу соттолуп, ИИМдин баңгизат менен алектенген топтордун тизмесинде турганы анык болду. Учурда Ю.Ш. камакка алынып, тергөө иштери уланууда.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан