Орусияда аэропорт кызматкери Бишкекке бараткан жүргүнчүнүн 200 миң рублун уурдап алган (видео)

Новосибирск шаарындагы "Толмачево" аэропортунун кызматкери Бишкекке бара жаткан жүргүнчүнүн жүгүнүн ичинен 200 миң рубль акчасын уурдап алды. Бул тууралуу орус басылмалары Сибирь транспорт полициясынын басма сөз кызматына шилтеме берип жазышууда.

Маалымдалгандай, шектүү жүктөрдү жайгаштырып жаткан учурда жүргүнчүлөрдүн биринин ачылып калган баштыгынан 200 миң рублун алып, өздөрү эс алып отурган бөлмөдөгү дивандын түбүнө катып койгон.

Транспорт полициясы тинтүү учурунда уурдалган сумманы толугу менен алды. Кармалган аэропорттун кызматкерине кылмыш иши козголду. Ал 5 жылга чейин эркиндигинен ажыратылышы мүмкүн экендиги маалыматта кошумчаланган.



28.03.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан