Баткенде бир канча жолу жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштерине карабай аткезчиликке барган жаран кармалды. Бул тууралуу президеттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 27-мартта Лейлек районунун Интернационал айылынын 34 жаштагы тургуну чек ара кызматкерлери тарабынан кармалган. Ал эки уйду Тажикстанга өткөрүп жиберген.
"Кармалган жаран ушул убакытка чейин 3 жолу аткезчилик менен кармалып, айып пулдарын төлөгөн. Лейлек районунун акиминин жетекчилигинде Интернационал айылынын Аксакалдар сотуна салынып, акыркы эскертүү берилген болчу. Ал эми катталган факты боюнча ИИМге кабарланып, маалыматтардын электрондук журналына катталды. Учурда кармалган жаранга карата тийиштүү иш-кагаздар толтурулуп, 5500 сом айып пул салынды", - деп айтылат маалыматта.