"Тамашоу" лигасынын жигиттери долбоордун башкы редактору Арслан Ибрагимовго унаа белек кылышты. Бул тууралуу видеону алып баруучу, шоумен Санжар Мыкыев социалдык тармактагы баракчасына жүктөдү.
"Бүгүн биз агайыбызга күтүүсүз белек кылдык! Жалпы "Тамашоу" лигасынын жигиттеринин атынан Арслан байкебизге жапжаңы унаа. Арслан байке, сиз эң мыкты педагог жана бизге жол көрсөткөн устатсыз! Көп жашаңыз! Терең урматтоо менен окуучуларыңыз.
Америкадагы шеп Эрмек Нурбаев, келсеңиз сизге дал ушунун карасын даярдап турабыз", - деп жазды Мыкыев.
Белгилей кетсек, "Тамашоу" лигасы 2008-жылы 1-ноябрда старт алган. Анда 16 команда сахнага чыгып, талантын көрсөтүшкөн. "Тамашоу" лигасынын максаты – кыргыз тилин өнүктүрүү, жаш таланттарды тарбиялап чыгаруу болгон. Бул долбоор аркылуу Санжар Мыкыев, Эмил Эсеналиев, Самат Эркинбек уулу, Бакыт Осмонканов, Жеңиш Майрамбек уулу, Эрмек Таалайбеков, Кубанычбек Курманбеков, Мурат Жалиев, Кадыр Жарматов жана башка таланттар элге таанымал болгон.