АКШнын Миннесота штатындагы Мистер Пагсли Аддамс аттуу үй мышыгы эң узун куйругу менен Гиннесстин рекорддор китебине кирди.
Анын куйругунун узундугу 46,99 сантиметр экени аныкталып, дүйнөдөгү тирүү үй мышыктарынын ичинен эң узун куйруктуу деп таанылган. Ал узун куйруктуу келген мейн-кун породасына кирет.
Рекорд жараткан үй жаныбары Кэмерондордун үй-бүлөсү менен жашайт. Алардын үйүндө дагы үч мейн-кун породасындагы мышык бар.