Бишкектеги Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин (КМТУ) окутуучуларына козголгон кылмыш ишинин тергөөсү аякталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, иликтөө иштеринин жыйынтыгы менен ЖОЖдогу 2 окутуучу Кылмыш-жаза кодексинин 346-беренесинин (Кызматтык жасалмачылык) 1-бөлүгү боюнча күнөөлүү деп табылып, ээлеген кызматынан бошотулган.
Атайын кызмат мындан тышкары 14 окутуучу жана жогорку окуу жайдын жооптуу кызматкерлери дисциплинардык жазага тартылып, 153 студент окуудан чыгарылганын белгиледи. Алардын 112си КМШ жарандары экени да айтылды. Учурда кылмыш ишинин материалдары сот органдарына жөнөтүлдү.
Буга чейин УКМК аталган университеттин билим берүү ишмердүүлүгүндөгү коррупциялык схема аныкталганын маалымдаган.