“Түндүк” тиркемеси аркылуу МИКке катталуу функциясы иштелип жатат

“Кызмат” мамлекеттик мекемеси Мамлекеттик ипотекалык компанияга “Түндүк” тиркемеси аркылуу катталуу функциясын иштеп чыгууда.
Президенттин иш башкармалыгы билдиргендей, бул мүмкүнчүлүк жарандарга МИКке катталып, батир алуу үчүн арыз тапшырууга шарт түзөт.
"Биз жарандардын мамлекеттик түзүмдөр менен өз ара аракеттенүүсүн жөнөкөйлөтүүгө умтулабыз. Бул функциянын жардамы менен ипотекалык компанияга катталуу тез жана ачык-айкын болот. Бул чечим жарандарыбыз үчүн турак жайдын жеткиликтүүлүгүн кыйла жакшыртат деп ишенебиз", - деди президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев.
Жаңы функция жакынкы убакта жеткиликтүү болуп, катталуу жана арыз берүүдө кыйынчылыктарга туш болгон жарандар үчүн ыңгайлуулукту камсыздай турганы кошумчаланды.
Президенттин иш башкармасынын алдындагы «Кызмат» мекемеси – мурдагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасы менен Калкты каттоо департаментинин укуктук мураскери. Анын негизги максаты санариптик кызматтарды өнүктүрүү жана жарандар үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу болуп саналат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан