27-мартка карата өлкөдө мамлекеттик маалыматтык системалар аркылуу 20 миң 323 бала 1-2-класска катталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, анын ичинен 8260 бала 1-класска, 12 063 бала 2-класска катталды. Каттоо “Түндүк”, MegaPay уюлдук тиркемелери аркылуу жана 1mektep.edu.gov.kg порталында жүргүзүлдү.
Толук маалымат шилтемеде.