
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу "Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду" мекемесинин директору болуп
Калнур Ормушев дайындалды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, дайындоо тууралуу тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Жаңы дайындалган жетекчини эмгек жамаатка эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров тааныштырды. Министр Ормушевди кызматка дайындалышы менен куттуктап, анын бай кесиптик тажрыйбасын жана өлкөнүн өнүгүүсүнө кошкон салымын белгиледи.