Кыргызстан өзүнүн кредиттик рейтингин “Туруктуу” көрсөткүч менен В+ деңгээлине чейин көтөрдү. Бул тууралуу Standard & Poor’s (S&P) Global Ratings эл аралык рейтинг агенттигине таянып кыргыз өкмөтү билдирди.
“S&P Global Ratings” отчетунда аймактык сооданы ийгиликтүү кайра багыттоо жана ички суроо-талапты бекемдөө Кыргызстанга 2022-2024-жылдар аралыгында ИДПнын реалдуу өсүшүн 9 пайызтүзүүгө мүмкүндүк бергени белгиленген.
Мындан тышкары, ички керектөөнүн 15 пайызга олуттуу өсүшү жана 2024-жылы жумушсуздуктун деңгээлинин 4 пайызга чейин төмөндөшү эмгек рыногунда оң динамика жана туруктуу экономикалык чөйрөнү көрсөтөт.
Мындан тышкары, банк секторун капиталдаштыруунун өсүшүнүн жогорку динамикасы белгиленген.
Агенттик демографиялык өсүш - жылына болжол менен 2 пайыз - өлкөнүн узак мөөнөттүү экономикалык потенциалы үчүн кошумча өбөлгөлөрдү түзөрүн белгилейт.
Туруктуу фискалдык абал, мамлекеттик карыздын орточо деңгээли жана жүргүзүлүп жаткан реформалардын жогорку сапаты да агенттик тарабынан жогору бааланды.
"В+ рейтингин ыйгаруу Кыргызстандын эл аралык каржы рынокторундагы позициясын бекемдөө, корпоративдик сектор үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачуу үчүн маанилүү кадам экенин белгилей кетүү керек. Өлкөнүн компаниялары эми дүйнөлүк капитал рынокторуна чыгуу менен эл аралык рейтингдерден өтүп, каржылоону тарта алышат.
Мындан тышкары, кредиттик рейтингдин жогорулашы суверендүү еврооблигациялардын дебюттук эмиссиясы үчүн жагымдуу шарттарды түзөт. Ошондой эле экономиканын андан ары өсүшүнө жана эл аралык инвесторлордун Кыргызстанга ишениминин жогорулашына өбөлгө түзөт" деп жазылат МинКабдын маалыматында.
Маалымат үчүн: S&P Global Ratings - алдыңкы эл аралык рейтинг агенттиги жана S&P Global тобунун (NYSE: SPGI) бир бөлүгү. Агенттик компаниялардын, өкмөттөрдүн жана карыздык милдеттенмелердин тобокелдигин жана кредиттик жөндөмдүүлүгүн баалайт, аларга кредиттик рейтингдерди ыйгарат. Бул рейтингдер инвесторлор үчүн колдонмо катары кызмат кылат жана уюмдарга капиталды көбөйтүүгө жардам берет.