Чүйдө коррупцияга шектелип мамлекеттик кызматкер кармалды

Чүй облусунун райондорунун биринин шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын башчысы Ж.О. коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги бүгүн, 29-мартта билдирди.

Ведомстово билдиргендей, шектүүлөр алдын ала макулдашып алышып, кызматтык абалдарынан пайдалануу менен жеке жактарга муниципалдык менчикти мыйзамсыз берип коюшкан.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, 2024-жылы Сокулук районундагы шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын кызмат адамдары өздөрүнүн жеке материалдык кызыкчылыктарын көздөшүп, 16 сотых болгон жер тилкесинин максатттуу пайдалануу багытын мыйзамсыз өзгөртүшкөн.

"Анткени ал жер тилкеси социалдык-маданий, тиричилик багытындагы объектилерди куруу үчүн арналганы менен жеке турак жай курууга берилип кеткен. Ошентип алар муниципалдык менчиктен бул жер тилкесин чыгарып алышкан. Мамлекетке 4 300 000 сомдон ашык суммада материалдык чыгым келтирилген" дейт ИИМ.

Анын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 2-бөлүмү (Коррупция) менен кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары мурда Сокулук районундагы шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын башчысы болуп иштеген Чүй облусунун райондорунун биринин шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын башчысы Ж.О. кармалды.

Тергөөнү ИИМдин Тергөө кызматы жүргүзүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан