Ош шаарында тергөөчү кармалды (видео)

УКМК тарабынан Ош ШИИБдин тергөө кызматынын улук тергөөчүсү К.Ж.А. пара талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу атайын кызмат бүгүн, 29-мартта билдирүү таратты.

Такталгандай, шектүү кыргыз жаранынан кылмыш ишин токтотуу жана жоюуга көмөк көрсөтүү үчүн 50 миң сом пара талап кылгандыгы аныкталды.

"Ал жаран бир нече жолу ИИБне кат жүзүндө кайрылуу жолдогон. Бирок Ош ШИИБдин тергөөчүсү жарандардын кайрылууларын кароонун мыйзамда белгиленген тартибине карабастан жогоруда көрсөтүлгөн сумманы талап кылган.

27-мартта жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында акча каражаттарын которуу фактысы катталган. Ош ШИИБдин улук тергөөчүсү милициянын подполковниги К.Ж.А.нын кызматтык кабинетин тинтүү учурунда 45 миң сом өлчөмүндөгү акча каражаты табылган" деп билдирди УКМК.

Шектүү кызматкер кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

29.03.35
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан