АКШнын вице-президенти Гренландияга келип кеткен соң Данияда нааразылык акциялары өттү

Даниянын Копенгаген жана Орхус шаарларында АКШ администрациясынын Гренландияга байланыштуу билдирүүлөрүнө жана аракеттерине нааразылык акциялары өттү. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.

Маалымдалгандай, миңге чукул жаран чогулган. Алар АКШнын вице-президенти Жеймс Дэвид Вэнс баштаган америкалык делегациянын Гренландиянын түндүк-батышындагы, "Питуффик" космостук базасына баргандан бир күн өткөндөн кийин чогулушкан. Вэнс Данияны Арктиканын коопсуздугун же жергиликтүү тургундардын жыргалчылыгын камсыз кылуу үчүн жетиштүү чара көрбөй жатат деп сындады.

Демонстранттар Даниянын автономиялуу аймагына таасирин күчөтүп жаткан Вашингтондун кысымына нааразылыгын билдиришти. Копенгагенде демонстранттар Гренландия менен Даниянын желектерин жана "Гренландия сатылбайт" деген ураандарды кармап турушту.

Айта кетсек, АКШнын президенти Дональд Трамп Даниянын курамындагы аралды Кошмо Штаттарга кошуу керек деген пикирин кайталап айтып келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан