Аялдардын майрамында жүргүнчүлөргө гүл тараткан айдоочу. Орозо айтта эмне белек берди? (видео)

8-март – Аялдардын эл аралык күнүндө айымдарга жоогазын белекке берген Бишкектеги коомдук транспорттун айдоочусу эсиңиздеби? Дал ошол мырза кечээ, 30-март – Орозо айт майрамында жүргүнчүлөрүн дагы кубантты.

Креативдүү айдоочу бул ирет жеке демөөрчүлөрдүн колдоосу менен жарандарды бир күн бою бекер ташыды. Ошондой эле айдоочу жүргүнчүлөрдү куру кол кетирбей кыргыздын улуттук ун азыктарынын бири боорсокту таратып жетишти. Өз кезегинде айдоочунун таң калтырган мындай кадамы жүргүнчүлөрдүн ыраазычылыгына татыды.

Демөөрчүлөр автобустун ичин да кооздоп майрамдык шаң түзүшкөн.

31.03.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан