Владимир Зеленский Украина НАТОго мүчө боло албасын түшүнөт. Бул тууралуу АКШ президенти Дональд Трамп журналисттерге айтканын чет элдик басылмалар жазышты.
"Ал НАТОнун мүчөсү болууну каалайт. Бирок ал эч качан НАТОнун мүчөсү боло албастыгын түшүнөт", - деген ал.
Ошондой эле ал Зеленский менен Орусия президенти Владимир Путиндин ортосунда келишим түзүлөрүн күтүп жатканын билдирген.