Түркияда нааразычылык акциясына чыккан Покемон Пикачу кармалды. Бул туурасында чет элдик басылмалар билдиришти.
Айта кетсек, Стамбулдун мэри камакка алынгандан бери тынчыбаган Түркияда нааразычылык акциялардын аягы сууй элек. Алардын биринде Жокер, Бэтмен жана Пикачунун маскаларын кийген жарандар да катышкан.
Ал эми Анталья шаарындагы Пикачунун полиция кызматкерлеринен качып бара жаткан видеосу социалдык баракчалардын колдонуучуларынын арасында популярдуулукка жетти. Жадакалса бул тасмага Түркиядагы Республикалык элдик партиянын басма сөз кызматы да реакция кылган.
Белгилей кетсек, буга чейин митингдин 2 миңге жакын катышуучусу кармалганы кабарланган.