Төө-Ашуудагы кырсыкта 11 жаштагы өспүрүм кыз көз жумду. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 31-мартта Чүй ЖКККБнын басма сөз кызматынан тастыктады.
Маалыматка ылайык, окуя 29-мартта болжол менен саат 16:40 чамасында болгон. Анда Бишкек-Ош унаа жолунун 92,700 чакырымында тоодон кулаган чоң таш Mercedes-Benz Sprinter 515-CDI үлгүсүндөгү унаанын арткы айнегин сындырып кирип, артында отуруп бара жаткан жаш өспүрүм кызды басып калган.
Натыйжада өспүрүм алган жаракатынан улам окуя болгон жерде каза болгон.