Бишкекте алдамчылыкка шектелип 51 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта Ленин РИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга Ж.И. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал былтыр 13-декабрда Ж.Г. аттуу аял ишенимине кирип, Lexus RX350 үлгүсүндөгү унаасын 68 миң долларга сатып берүүнү жана андан түшкөн каражатка Түркиядан алтын алып келип, аны сатып, андан кийин унаанын акчасын пайыздары менен кайтарып берүүнү убада кылганын айткан. Бирок шектүү убадасын аткарбастан унааны башкага сатып жибергени белгилүү болгон.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү делген аял кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Райондук милиция анын дагы эки кылмышка катыштыгы бар экендиги аныкталганын, учурда тергөө иштери жүрүп жатканын кошумчалады.