Жалпы аянты 1,08 гектар жер тилкеси Өзгөн шаардык мэриясынын балансына кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, атайын кызмат шаардын борборунда жайгашкан жер убагында мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өтүп кеткенин аныктаган. Мындан улам иш сотко чейинки өндүрүшкө алынып, анын алкагында Өзгөн шаарынын мурдагы мэри С.А. мыйзамсыз токтом чыгаргандыгы боюнча иш козголгон.
Ал эми иш соттук териштирүүгө өткөндөн кийин Ош облустук соту жерди мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча чечим чыгарган.