ЭлКат компаниясы расмий түрдө мамлекеттин карамагына өттү. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта журналисттерге маек берип жатып президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.
Анын айтымында, буга чейин аталган компаниянын 51 пайызы мамлекеттин карамагында болуп, кийин жеке менчикке өтүп кеткен.
“Бүгүн толугу менен юридикалык жактан мамлекетке өттү. Бир убактарда ЭлКаттын 51 пайызы мамлекеттики болгон, кийин кандайдыр бир себептерден улам жеке менчикке өтүп кеткен. Биздин күч органдардын күрөшүнүн артында толугу менен мамлекетке өттү. Дүйнөлүк банкта 1 миллион 200 миң доллар карызы бар экен, ал карыз мамлекет тарабынан толук төлөндү”, - деди Туманбаев.