Кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команда Азия чемпиондугунан кайтып келишти. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.
Маалымдалгандай, аларды "Манас" аба майданынан Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Мелис Тобокелов жана туугандары тосуп алган.
Эске салсак, Иорданиянын Амман шаарында өткөн Азия биринчилигинде Айпери Медет кызы алтын алса, Калмира Билимбек кызы коло медалга татыган.
Улуттук курам башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков жана улук машыктыруучу Нурдин Донбаевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышты.