Бүгүн, 31-мартта Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев шаардык кызматтардын жана Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын жетекчилиги менен көчмө жыйын өткөрдү. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, ооруканага чектеш аймакта жер астындагы өтмөк курулууда. Мэр муниципалдык кызматтарга өтмөктүн кире беришин бошотуу боюнча тапшырма берди. Мындан тышкары бир катар тапшырмалар айтылды.
- Госпиталдын айланасындагы иштеп жаткан объектилердин мыйзамдуулугун карап чыгуу;
- Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы объектинин ээлерине ыктыярдуу түрдө демонтаж кылуу боюнча билдирүү жөнөтүү;
- Биринчи май райондук администрациясынын башчысына оорукананын айланасын жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча талаптарга ылайык келтирүү тапшырылды;
- “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы менен биргеликте оорукананын айланасында тротуар куруу, "Тез жардам" унаалары үчүн чектөө белгилерин орнотуу боюнча сунуштарды киргизүү тапшырылды;
- Муниципалдык инспекция жеке менчик үйлөрдүн ээлерин тактап, айлана-чөйрөнү талапка ылайык кармабагандыгы үчүн эскертүү бериши керек.
- Госпиталдын жетекчилигине ооруканага чектеш аймакты талаптагыдай абалда кармоо жана бейтаптар менен шаар тургундары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү милдети жүктөлдү.