"Снос" болуңуздар". Имам Оштун мэрин тамашага салды (видео)

Социалдык тармактарда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев менен тамашалашкан Сулайман-Тоо мечитинин имамынын видеосу тароодо.

Анда имам айт намазга келген Токторбаевге орун берүүнү суранып, жамаатка кайрылган.

"Могу жерден жол берип коюңуздар, бир аз жылыңыздар. Жетекчибиз келе жатат. Алдыдан бир адам "снос" болуңуздар", - деп тамашалап намазга келгендерди күлдүргөн.

Эске салсак, Токторбаев кечээ, 30-мартта белгиленген Орозо айтта намазды Сулайман-Тоо мечитинде окуган.

31.03.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан