Бишкекте көп өлчөмдөгү баңгизаттардын түрүн саткан делип 34 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта борбор калаанын милициясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, шектүү тууралуу маалымат милицияга 28-март күнү түшкөн. Факты боюнча Октябрь РИИБи тергөө жүргүзүп, Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголгон.
Анын жашаган жерин тинтүүдө жалпы салмагы 4 килограмм 802 граммды түзгөн баңгизаттардын ар кандай түрлөрү табылган. Шектүү табылган баңгизаттар 10 миллион сомдон ашык суммага бааланганын, маңзаттарды Telegram социалдык тармагы аркылуу алып, кызмат көрсөткөнүнө айлык алып жүргөнүн айткан.
Милиция алынган баңгизаттар соттук-эксперттик кызматына жөнөтүлүп, тергөө иштери жүрүп жатканын жана кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин белгиледи.