"Эркиндик болот". Алмамбет Шыкмаматов патент кайтарыларын айтты

Бүгүн, 31-марттагы Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Мамлекеттик салык кызматынын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов чакан ишкерлер үчүн патент тутумун кайра кайтаруу каралып жатканын билдирди.

Ал чакан ишкерлер кааласа патентти, кааласа ККМди колдоно аларын белгиледи. Салык кызматынын төрагасы бул боюнча учурда президенттин жарлыгы даярдалып жатканын айтты.

"Биз чакан ишкерлер менен байма-бай жолугушуп, алардын пикирлерин угуп, сунуштарын эске алдык. Албетте, мурдагы системаны "жаман" деп айтпайбыз. Ал "тартип болсун, бардыгы салыкты төлөсүн, мамлекет бардыгын көзөмөлдөсүн" деген жакшы идея болгон. Тилекке каршы, азыркы базарлар, инфраструктура, көзөмөл системасы ага даяр эмес экен. Ошондуктан азыр патент системасын кайтарабыз.

Бирок патент системасында атайын чек болот. Мисалы, балмуздак саткан менен контейнер иштеткен соодагерлердин бирдей салык төлөгөнү адилетсиздик да. Салык деген адилетүү болушу керек. Товардын жүгүртүүсү көп болсо көбүрөөк төлөшү керек. Анан эркиндик болот. Эгерде "жок, мен патент төлөбөйм, менин жүгүртүүм патентке дагы жетпейт" десе, анда ал ККМ менен иштей берет", - деи ал.

Ошондой эле ал дүйнөлүк тажрыйбаны эске алуу менен зергерлерге салыктык жеңилдиктерди берүү да сунушталып жатканын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан