Өлкөдөгү жакынкы жайыт жерлеринде мал жаюуга 15-апрелден 15-сентябрга чейин чектөө киргизилет. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда 139 069 гектар жакынкы жайыт жерлери деградацияга учурап, жакшыртылууга тийиш.
"Жакынкы жайыттар пландык негизде пайдаланылбай, жергиликтүү бийлик көзөмөл кылбагандыктан жана жайыт пайдалануучулар кайдыгерлик мамиле жасагандыктан жерлердин деградацияга учурашы катталып жатат.
Акыркы учурларда жайыт пайдалануучулар тарабынан жакынкы жайыттар жыл сайын үзгүлтүксүз пайдаланып, жол жээктеги жана коммуникация бар жайыт аянттары пайдаланып, алыскы жайыттар толук пайдаланылбай жакынкы жайыттарга күч келүүдө. Ошол себептен 15-апрелден 15-сентябрга чейин жакынкы жайыттарды пайдаланууга чектөө киргизип, алыскы жайыттарды пайдалануу сунушталды", - деп билдирди министрлик.
Аталган чектөөнү бузгандарга Укук бузуулар кодексине ылайык, айыпка тартуу чаралары каралган.