Бүгүн, 31-мартта Жогорку Кеңештин депутаты Бактыяр Калпаев илдетке чалдыккан балдарга каржылык жардам көрсөтүү максатында кайрымдуулук иштерин уюштурууга салым кошкон активисттерди жана өнөктүккө катышкан жеке ишкерлерди өзүнүн атынан Ардак грамота жана кол сааттар менен сыйлады.
"Бөбөктөрдүн өмүрүн сактап калууга сиздер күнү-түнү аракет кылдыңыздар. Элибиздин колдоосу менен наристелерибиздин саламаттыгына керектүү каражат кыска убакыт аралыгында чогулду. Эми жалпы элдин тилеги кабыл болуп, балдарыбыз сакайып кетсин", - деди депутат.
Белгилей кетсек, активисттердин тобу сейрек кездешүүчү омуртка булчуң атрофиясы (СМА) менен ооруган жаш балдарга акча чогултуу өнөктүгүн өткөргөн. Алардын аракети менен кыска убакытта үч балага тең баасы 170 миллион сом турган Золгенсма дарысына керектүү каражат топтолгон.