Бишкекте Травматология жана ортопедия улуттук борборунун жаңы имаратынын курулушу башталды. Бул тууралуу Президенттин маалымат саясатынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Facebook баракчасы аркылуу билдирди.
Ал билдиргендей, бүгүн, 31-мартта президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевдин катышуусунда мезгил кутучасы салынды.
"Травматология жана ортопедия улуттук борбору – жаракат алган жана таяныч-кыймыл аппаратынын оорулары менен жабыркаган жарандарыбызга сапаттуу медициналык жардам көрсөтөт.
Заманбап жабдуулар жана технологиялар менен жабдылып, квалификациялуу медициналык жардамды бүт республика боюнча тейлейт. Ошондой эле бул борбор ортопедиялык травматологдорду адистештирүүнүн жана даярдоонун негизги борбору болуп калат", - деп жазды ал.
Маалымат үчүн: Жаңы травматология жана ортопедия борбору – заманбап медициналык комплекс. Анын жалпы аянты 34 500 чарчы метрди түзөт. Медициналык борбор беш блоктон турат. Андан тышкары жер астындагы жана жер үстүндөгү унаа токтотуучу жайлары каралган. Чатырда тик учак конуучу аянтча курулуп, санитардык авиация аркылуу шашылыш бейтаптарды жеткирүүгө шарт түзүлөт. Борбордо 11 бөлүм иштейт, алардын ар биринде 40 орун бар. Жалпысынан борбор 440 орунга ылайыкталган.