Бүгүн, 31-мартта президент Садыр Жапаров, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Худжанд чебине барышты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы маалымдады.
Өлкө лидерлери ал жакта бир катар маданий иш-чараларга, анын ичинде элдик кол өнөрчүлүктүн, айыл чарба азыктарынын жана улуттук тамак-аштардын көргөзмөсүнө катышты.
Сепилдин кире беришин чоң казандагы Нооруздун салттуу символу болгон сүмөлөк кооздоп турду. Президенттер чогулгандарды бул жаркын майрам менен куттуктап, майрамдык иш-чараларды баштап берди.
Андан соң мамлекет башчылары көргөзмө павильондоруна бет алышып, үч өлкөнүн экспозицияларын, ошондой эле фольклордук-этнографиялык жамааттардын аткарууларын көрүштү. Ал жактан нары алар Тажикстандын бардык аймактарынан келген кол өнөрчүлөрдүн продукциялары коюлган элдик кол өнөрчүлүк аллеясына өтүштү.
Андан соң гид мамлекет башчыларын музейдеги экспонаттар, тажик элинин бай тарыхы жана маданияты менен тааныштырды. Музейди кыдыргандан кийин лидерлер улуттук тамактардын көргөзмөсүнө барышты.
Программанын соңунда чептин короосунда уюштурулган театралдаштырылган концерт көрсөтүлдү.