Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев Худжандда сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Бүгүн, 31-мартта президент Садыр Жапаров Худжанд шаарында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Өлкө башчынын маалымат кызматы билдиргендей, анда мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты. Ошондой эле регионалдык күн тартибинин негизги аспектилери боюнча пикир алмашты.

Мирзиёев Жапаровду жана жалпы кыргыз элин Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара маселелеринин чечилиши менен куттуктап, бул кабарды көтөрүңкү маанайда кабыл алганын белгиледи.

Өз кезегинде Жапаров кесиптешин Протоколго кол коюлушу жана Өзбекстан менен Тажикстандын ортосундагы союздук мамилелер жөнүндө келишимдин күчүнө кириши жөнүндө ратификациялык грамоталар менен алмашуусу менен куттуктап, бул кадам региондогу туруктуулуктун жана өнүгүүнүн дагы бир маанилүү фактору болорун белгиледи.

"Ал ошондой эле 2023-жылы Кыргызстан менен Өзбекстан кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча ушундай келишимге кол коюшканын жана ошол эле жылы Бишкекте мамлекет башчылары ратификациялык грамоталар менен алмашканын эске салды.

Бул контекстте Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын ортосунда мамлекеттик чек аралардын кесилишкен чекити жөнүндө үч тараптуу келишимге кол коюу - өлкөлөрдүн чек ара маселелерин биротоло чечүү боюнча аракеттеринин логикалык жыйынтыгы болуп саналат" деп жазылат анда.

Жолугушуунун аягында Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев ынак коңшулук мамилелерди чыңдоого, ар кандай тармактарда кызматташтыкты кеңейтүүгө жана саясий диалогду активдүү өнүктүрүүгө эки тараптан тең умтуларын ырасташты.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров бүгүн, 31-мартта Тажикстанга иш сапары менен барган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан