АКШнын президенти Дональд Трамп үчүнчү мөөнөткө мамлекет башчы болуу мүмкүнчүлүгүн олуттуу ойлоно элек. Бул тууралуу ал Ак үйдө журналисттер менен болгон жолугушууда билдирди.
"Мен бул суроону эч качан талдаган эмесмин. Мунун жолу бар деп айтышат, бирок мен ал жөнүндө билбейм... Эл менден шайлоого катышууну суранып жатат", - деп жооп берген ал бул боюнча суроого.
Ошондой эле Трамптан кийинки шайлоо жарышында анын атаандашы АКШнын 44-президенти Барак Обама болуп калса, кандай болорун сурашкан. "Мен каалайт элем. Бул жакшы болмок. Бул мага жагат", - деп жооп берген АКШ лидери.