Нигериялык мушкер беттеш учурунда эсин жоготуп, андан кийин каза болду (видео)

Нигериялык 40 жаштагы мушкер Габриэль Оланреважу Жон Мбанугу менен орто жеңил салмактагы беттеш учурунда үчүнчү раундда эсин жоготуп жыгылды.

Ага рингде медициналык жардам көрсөтүлүп, андан кийин ооруканага жеткирилип, ал жерге келгенден 30 мүнөт өткөндөн кийин каза болгон.

Гана бокс башкармалыгынын (GBA) басма сөз кызматы да трагедиялуу окуяга байланыштуу расмий билдирүү таратты.

"Олувасегун Нигериянын Бокс боюнча Контролдоо кареңеши тарабынан медициналык жактан ылайыктуу деп жарыяланган жана GBA санкция берип, беттешти бекиткенге чейин профессионал мушкер катары тастыкталган.

Үчүнчү раунддун бүтөрүнө бир нече секунд калганда, Олувасегун беттеш учурунда артка чегинип, атаандашынан бир дагы сокку албай эсин жоготкон.

Калыс беттешти дароо токтотуп, рингге дарыгерди чакырган. Тилекке каршы, мушкер ооруканада каза болгон", - деп айтылат маалыматта.

Мушкер беттеш учурунда каза болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан