Гаитидеги Viv Ansanm аттуу бандалардын тобу өлкөдөгү Миребале шаарын басып алып, дүйшөмбү күнү жергиликтүү түрмөдөн жүздөгөн туткундарды бошотуп жиберишти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, бандиттердин чабуулунан кийин Миребале шаарынын айрым тургундары шаардан чыгып кетүүгө аргасыз болушкан, кээ бирлери жашынууга аракет кылып жатышат. Кол салгандар буга чейин бир нече жаранды өлтүрүп, жергиликтүү полиция бөлүмүн өрттөп, абактагыларды бошотушкан.
Социалдык тармактарда бандиттердин жана камактан бошотулгандардын кол салуудан кийин эркиндикке чыгышын майрамдап жатканы тартылган тасмалар пайда болду.
Жергиликтүү тургундар өкмөттү, Убактылуу президенттик кеңешмени, улуттук полицияны жана эл аралык уюмдарды азыркы кырдаалга кийлигишүүгө чакырууда.
Гаити 2021-жылдын июлунда президент Жовенел Моиза өлтүрүлгөндөн кийин күчөгөн коопсуздук жана башкаруу кризисине туш болууда.