Аравандагы №112 лицейинин кызматкелери казынага 1,5 миллион сомдон ашык зыян келтиргендиги айтылды

Ош облусунун Араван районундагы №112 кесиптик лицейинин кызмат адамдары мамлекетке жалпы 1 миллион 640 миң 943 сомдук зыян келтирилгендиги аныкталды. Бул туурасында Башкы прокуратура билдирди.
Маалымдалгандай, алар 2024-жылы мекемеде билим алган окуучуларга иш жүзүндө азык-түлүк берилгендиги, мугалимдерге эс алууга, кесиптик майрамына акча каражаттар бөлүнгөндүгү, материалдык жардамдар көрсөтүлгөндүгү жана 99 тонна көмүр келгендиги жөнүндө расмий документтерге жалган маалыматтарды киргизишкен.
Айтылган фактылардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”), 210-беренеси (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу”) жана 346-беренеси (“Кызматтык жасалмачылык”) менен кылмыш иши козголду. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан