Ысык-Көл облусунда бир нече жер тилкелери мамлекеттин балансына өткөрүлүп берилди. Бул туурасында УКМКнын маалымат борбору кабарлады.
Маалымдалгандай, атайын кызмат жеке менчикке мыйзамсыз чыгарылган өнөр жай объекттерин, жер тилкелерин аныктоо жана мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча иштерди күчөтүүдө.
Натыйжада:
- Түп механикалаштырылган токой чарбасына өндүрүштүк жай жана 3900 чарчы метр жер тилкеси бар түп жыгач иштетүүчү ишканасы өткөрүлүп берилди;
- Түп айыл өкмөтүнө "Райсельремкомхоз" административдик-мүлктүк комплекси менен 2,63 гектар жер тилкеси өткөрүлдү;
- Балбай айыл өкмөтүнүн балансына Түп районунун Кичи-Өрүктү айылынан 942,0 чарчы метр жер тилкеси берилди;
- Түп районунун Миң-Булак айылындагы жалпы аянты 486,15 чарчы метр дан кампасы Карасаев айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлүп берилди.