Кечээ, 31-мартта президент Садыр Жапаровдун Худжанд шаарына болгон иш сапары аяктады. Бул туурасында мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, иш сапар бир катар жемиштүү жыйындар жана жолугушуулар менен коштолду.
- Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен тет-а-тет форматында сүйлөшүүлөрдү өткөрдү;
- Ратификациялык грамоталар менен алмашуу жөнүндө протоколго кол коюлду;
- Эки мамлекеттин лидерлери “CASA-1000” долбоорунун алкагында видеоконференция байланыш режиминде "Датка-Сугд" чубалгысын ишке киргизүү аземине катышты;
- Садыр Жапаров, Тажикстандын жана Өзбекстандын өлкө башчылары менен үч тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү;
- Үч өлкөнүн президенттери үч мамлекеттин мамлекеттик чек араларынын кесилишкен чекити жөнүндө келишимге жана Түбөлүк достук жөнүндө Худжанд декларациясына кол коюшту;
- Үч өлкөнүн мамлекеттик чек аралары кесилишкен чекитте орнотулган символикалык стеланын ачылышы болду. Ага үч өлкөнүн башчылары катышты. Салтанаттуу иш-чара Худжанд шаарынан видеоконференция байланышы форматында өттү;
- Худжанд шаарында Садыр Жапаров менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин жолугушуусу болду;
- Худжанд чебине барып, Нооруз майрамына карата уюштурулган маданий иш-чараларга катышты;
- Жыйынтыктоочу иш-чара – Худжанд шаарынын борбордук стадионунда эл аралык Нооруз майрамына арналган Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын маданият жана искусство ишмерлеринин катышуусунда концерттик программа болду.