Өзбекстандын Анжиян облусунун Избаскан районундагы мечиттин даарат алуучу бөлмөсүндө орун алган жарылуу 3 адамдын өмүрүн алды. Ал эми 10 жаран жаракат алды. Бул тууралуу Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, жарылууда имараттын дубалы чатыры менен урап түшүп калган.
Белгилей кетсек, кечээ, 31-мартта Өзбекстандын мечиттеринин биринде газдан улам жарылуу болгону маалымдалып, жабыркагандар бар экендиги айтылган.