Бишкектеги Башкы прокуратуранын имаратынын жанында эркек киши өзүн-өзү өрттөп жиберди. Анын видеосу бүгүн, 1-апрелде социалдык тармактарга тарады.
Видеодо көрүнгөндөй, ал прокуратуранын жанындагы аллеяда өзүнө өрт коюп, андан кийин чуркаган. Аны эки адам артынан кууп, өрттү өчүрүшкөн.
Бул окуя боюнча милиция жана Башкы прокуратура маалымат бере элек.