Жылнаама, 1-апрель: Белгилүү орусиялык ырчы жана актёр Сергей Лазарев 42 жашка чыкты

Орус ырчысы, кино жана театр актёру, теле алып баруучу, Сергей Лазарев бүгүн, 1-апрелде 42 жашка толду. Белгилүү "Ералаш" теле юмордук журналдын кириш сөзүндө үнү угулган, "Smash!!" эстрадалык тобунун мурдагы мүчөсү Лазарев жөнүндө алдыда кененирээк сөз кылабыз.

Ал эки жолу Евровидение ыр сынагына катышып, эки жолу тең 3-орунду алган.

Белгилүү ырчы, актёр кичинекейинен музыкага кызыкса да, ата-энеси 4 жашынан гимнастикага беришет. Бул жаатта да ийгиликтерге жетишет. Бирок бутунан жаракат алып, машыгууну токтотууга аргасыз болот. Музыкага болгон кызыгуусу дале болгондуктан Владимир Локтевдин жетекчилиги астындагы балдардын ыр жана бий ансамблине кирет.

11 жашында "Непоседы" балдар театр студиясына каттоо болуп жатканын угуп, катышууга келет. Жетекчилери Сергейдин үнүн угуп, каттоо күндүн эртеси эле сабактарга катыша берсе болорун айтышкан.

Ошол жылдары аны "Ералаш" балдар юмор журналына чакырышат. Лазаревдин үнү программанын "Балдар жана кыздар, ошондой эле алардын ата-энелери ("Мальчишки и девчонки, а также их родители")" деген легендарлуу кириш сөзүндө угулган. Мындан тышкары аталган журналдын бир эпизодуна тартылган. Бир гана сериясында катышса да элдин эсинде калган.

Сергей 2000-жылы "Smash!!" эстрадалык тобуна мүчө болуу менен эл алдында тааныла баштаган. 2002-жылы аталган топтун мүчөлөрү Лазарев менен Топаловдун аткаруусундагы дуэт Юрмалда өткөн "Жаңы толкун" сынагында жеңүүчү болгон. Ошол эле жылы дуэт Freeway дебюттук альбомун чыгарышкан. Заматта бир миллиондон ашык лицензиялык нускалары сатылып, алтын статусуна ээ болгон. Дуэттин "Belle" ырына тартылган алгачкы клиби алты ай бою MTV хит-параттарынын башында турган.

Ошол эле учурда Лазарев театр жаатында да бир топ ийгиликтерге жетишкен. Айта кетсек, А. С. Пушкин атындагы театрда "Ромео жана Жульетта" спектаклинде башкы эркек ролунда ойногон. 2003-жылы Чехов атындагы Москва көркөм театрында "Алёша Карамазовдун жашоосундагы бир нече күн" саектаклиндеги ролу да театр чөйрөсүндө жетишкен көптөгөн ийгиликтеринин бири болду.

2004-жылдын 3-декабрында "Smash!!" тобунун "2nite" аттуу экинчи альбому чыккан. Жылдын аягында Сергей топтон чыгып жеке карьерасын баштаган. Ырчы "Стиль рекордс" үн жаздыруучу компания менен келишим түзүп, материалдарды өзү издеп, жаздыра баштаган.

Жеке карьерасындагы дебюттук альбому 2005-жылы 1-декабрда Don’t Be Fake аталышында чыккан. Ал эми орус тилиндеги биринчи альбомун 2017-жылы чыгарды.

Лазарев өзүн бизнес багытында да сынап көргөн. Айта кетсек, 2014-жылы үй жаныбарлары үчүн таттууларды чыгарган "Пудель-штрудель" ЖЧК компаниясын негиздеген. Экинчи бизнеси "Рижский кофе" аталышында болду. Алгач жигердүү өнүктүрдү, бирок каалаган натыйжасына жете алган жок. Ошондуктан ал бизнестерин жабууну туура көргөн.

Ырчынын жеке жашоосуна токтоло кетсек, 2008-2012-жылдары теле алып баруучу Лера Кудрявцева менен жуптук мамиледе сүйлөшүп жүрүшкөн. Учурда үй-бүлөлүү эмес, бир уул, бир кызы бар. Балдарын жалгыз тарбиялап жаткандан кыйналбагандыгын "Газета.RU" сайтына берген интервьюсунда айтып берген.

2014-жылы биринчи жолу ата статусуна ээ болгон. Суррогат эне жолу менен уулдуу болуп, муну эки жарым жылдай элден жашырып жүргөн. Ал эми 2018-жылы ырчы кыздуу болду. Уулун да, кызын да бир суррогат эне жарыкка алып келгенин айткан.

Учурда Лазарев Орусиянын шаарларын активдүү кыдырып концерт берүүсүн улантууда. Ал эми июнь айында Казакстандын Алматы шаарында жеке концертин берет.


                                            
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан