Бишкек шаарындагы Панфилов сейил багындагы аттракциондон кулап түшкөн кыздын абалы оор экени айтылды. Бул тууралуу SUPER.KG медиа порталына Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 31-мартта Тез жардам клиникалык ооруканасына 19 жаштагы бейтап оор абалда келип түшкөн. Учурда абалы оор бойдон калып, жандандыруу бөлүмүндө жатканы маалым болду.
Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда аттракциондон бир кыз кулап түштү деген видео тарган. Окуя кечээ, 31-мартта болгон. Анда аттракциондо отурган кыз аттракцион айланып жатканда кулап түшүп, жерге жатып калганын көрүүгө болот.