Америкалык миллиардер Илон Маск 13-баласынын апасы Эшли Сент-Клэрге 2,5 миллион доллар бергенин жана ага жыл сайын 500 миң доллар төлөп турганын жарыялады. Ал бул тууралуу X социалдык тармагында билдирди.
"Бул менин баламбы же балам эмеспи билбейм. Бирок тактоого каршы эмесмин. Ал үчүн соттун чечими керек эмес", - деп жазган Маск.
Буга чейин Эшли Сент-Клэр Илон Маск экөө балалуу болушканын ачыктаган.
Ал миллиардердин Neuralink компаниясынын мурдагы кызматкери. Эшли ал жерде кардарларды тейлөө бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.