Бүгүн, 1-апрелдеги Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутат Улугбек Ормонов аймактардагы бузулуп жаткан курулуштар тууралуу маселе көтөрдү.
Анын айтымында, губернатор, аким, мэрлер буздуруп жаткан курулуштар мыйзам чегинде каралууга тийиш.
"Мен атайын Жогорку Кеңештен "снос" деген мода боюча тапшырма бергем. Албетте, эл аралык, республикалык маанидеги жолдор боюнча сөз жок. Бирок азыр айылдардын ичинде дагы ушул иштер башталды. Мага башка иш жоктой сезилип жатат. Губернатор, аким, мэрлер бири-бири менен жарышып, ким көбүрөөк бузат дегенге өтүп алышыптыр. Жандарында кичинекей бульдозер жүрөт, буз дегенде чекесин барып бузуп коюшат. Бул боюнча 7 облустун губернаторлорун чогултуп, комитетте карашыбыз керек.
Шаардын кеңейиши тууралуу эч ким маселе кылган жок. Бирок баары мыйзам чегинде болушу керек", - деди депутат.